«Борбор Азия чийимташтары» аттуу аймактык семинар
Кыргызстан















2025-жылдын 10–14-ноябрь күндөрү Чүй облусундагы Калмак-Ашуу айылында «Айгине» маданий-изилдөө борбору Паванка фондунун колдоосу менен «Борбор Азия чийимташтары» аттуу аймактык билим берүү семинарын өткөрдү. Иш-чара «Борбордук Азиянын чийимташтарынын бирдиктүү санариптик булагын түзүү аркылуу салттуу искусствону сактоо» долбоорунун алкагында уюштурулду.
Семинарга Борбордук Азиянын төрт өлкөсүнөн археологдор, этнографтар, мекен таануучулар, музыка тануучулар жана жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрү катышты. Программа дисциплиналар аралык билим берүү аянтчасы катары түзүлүп, лекциялык сессияларды, топтук талкууларды жана практикалык иштерди камтыды.
Катышуучулар чийимташтарды археологиялык булак, жандуу салттын элементи жана маданий ландшафттын ажырагыс бөлүгү катары карашты. Алар чийимташтарды чечмелөө, документтештирүү жана сактоо ыкмаларын, жергиликтүү жамааттардын ролун, ошондой элеаскадагы искусствонун эпостор, кол өнөрчүлүк жана заманбап көркөм чыгармачылык менен болгон байланышын талкуулашты.
Семинардыналкагында Борбордук Азиянын чийимташтарына арналган иштелип чыгып жаткан санариптик булак тааныштырылып, археологиялык жана маданий маалыматтарды бириктирген булмурастарга жоопкерчиликтүү мамиле жасоонун жалпы принциптери иштелип чыкты.
